Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

14:05 Айрым университеттердин филиалдарынын саны 12 пайызга кыскартылат


Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясында айтылды. Аталган министрликтин статс катчысы Акунжан Абдрашевдин маалыматына ылайык, 2007-жылы Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында 237 миң студент окуган. Алардын 13 пайызы бюджеттик бөлүмдөрдүн студенттери. Кабарларга ылайык, акыркы беш жыл ичинде студенттердин саны 19 пайызга өскөн. Кыргызстанда ушул тапта 47 жогорку окуу жайы иштейт, алардын отуз экиси мамлекеттик, он беши жеке менчик университеттер. (ZMa)

XS
SM
MD
LG