Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

17:24 Бүгүн Бишкекте «Кыргызстан Санта-Клаустун жергеси» аттуу эл аралык фестивал башталды


Фестивалдын программасына ылайык Аларча мамлекеттик коругунда Санта-Клаустун келечектеги кышкы үйүнүн орду аныкталды. Ал турак-жайда Санта-Клаустун маалымат борбору жана өзүнүн сайты, электрондук дареги болмокчу. 10дон ашык өлкөнүн өкүлдөрү фестивалга катышууга келди. Алардын арасында Европадагы Санта-Клаустардын конгрессинин президенти жана КМШ мамлекеттеринин элдеринде аяздын символу болгон Аяз Ата, Дед Мороз, Корбобо жана Хаджи Фируз бар. Фестивалдын соңунда тегерек стол өткөрүлүп, анда маданий жана социалдык иш чараларда кызматташуу, «Кыргызстан Санта-Клаустун жергеси» фестивалынын өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө салымына байланыштуу маселелер талкууланат. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG