Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:45

Иран ага карата жаңы санкцияларды киргизүүгө мыйзамдуу негиз жок деп эсептейт


Бул тууралуу Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Жавад Ваиди билдирди. Жума күнү Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик жаңы баяндамасын жарыялап, "Иран өзөктүк программасына байланыштуу айрым олуттуу суроолорго так жооп берген жок. Тегеран БУУнун талабын аткарбастан, уранды байытуу иштерин улантууда" деп билдирген. АКШ бул документ Иранга каршы жаңы санкцияларды кабыл алууга себеп боло алат деп билдирди. Дүйшөмбүдө БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө 5 өлкө жана Германиянын элчилери Тегеранга каршы санкциялар маселесин талкууга алышат.

XS
SM
MD
LG