Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Түркия Ирактын түндүгүндө 20дан ашык күрд козголоңчу жок кылынгандыгын билдирүүдө


Түркиянын Түндүк Ирактагы операциясы маалында 5 түрк жоокери жана бери дегенде 20дан ашуун күрд козголоңчусу набыт болгону кабарланууда. Бейшемби күнү Түркия өз аймагындагы кол салууларды уюштурууда деп, күрд козголоңчуларына каршы операция баштап, Түндүк Иракка аскерлерин киргизген, аларга асмандан согуштук учактар колдоо көргөзүүдө. Анкара түрк аскерлери Ирактан болушунча жакын арада чыгарылат деп билдирди. АКШ менен Евробиримдик Түркияны сабырдуулукка үндөп жатышат. Ал тапта Ирактагы Күртстан автономиялуу регионунун өкмөтү Түркиядан армиясын токтоосуз чыгарып кетүүгө үндөдү. Түрк телеканалдары Ирактагы операцияга 10 миңдей аскер катышып жатканын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG