Кечээ фестивалдын катышуучулары Ысыккөлдү кыдырып, Чолпоната, Каракол шаарларында иш чараларды өткөрүштү. Фестивалга катышуу үчүн 10дон ашык өлкөдөн коноктор келишкен. Аларды эртең премьер-министр Игорь Чудинов кабыл алары күтүлүүдө. Андан кийин тегерек үстөлдө талкуу болуп, соңунда фестивалды жабуу салатанаты өтөт. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашев «Азаттыкка» билдирди. (BuS)