Роберт Кочеряндын билдирүүсүндө "өлкөдө туруктуулукту жана конституциялык тартипти" сактоо үчүн, бардык чаралар көрүлө тургандыгы айтылат. Он миңдеген демонстранттар президенттик шайлоонун жыйынтыгын күчүнөн кетирүүнү талап кылып, Ереванда төрт күндөн бери демонстрация өткөрүп жатышат.