Коомдук парламенттин алгачкы жыйынынан кийин дагы 3-4 саясий партиянын өкүлдөрү жана бир катар коомдук ишмерлер ага кирүү ниетин билдирип жатканын «Азаттыкка» аталган уюмдун мүчөсү Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, бул маселе ушул жумада талкууланмакчы. Эгер дагы жаңы мүчөлөр кире турган болсо анда азырынча 50 кишиден турган коомдук парламенттин курамы 100 адамга чейин көбөйүшү ыктымал. Кыргызстанда алгач ирет уюшулуп жаткан бул уюм өткөн шаршембидеги алгачкы отурумунда төрагасын жана анын орун басарын шайлап, өлкөдөгү энергетика тармагындагы абалды талкуулаган. Коомдук парламенттин экинчи жыйыны март айынын орто ченине белгиленүүдө.(SM)