Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

10:50 Ишкердиктин эл аралык деңгээлин көтөрүүгө Дүйнөлүк Банктын адистери көмөктөшөт


Эл аралык каржы корпорациясы жана Дүйнөлүк Банк тарабынан түзүлгөн “Ишкердик жүргүзүү” долбоорунун миссиясы март айынын башында Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Аталган миссияны кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Бишкек-Алматы-Вашингтон видеконференциясы учурунда Кыргызстандагы ишкердиктин эл аралык деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшүү үчүн чакырды. Ишкердиктин деңгээлин көтөрүүгө саясат, эрк болгону менен тажрыйба жетишсиздигин белгилеген өкмөт башчы ушул тапта Кыргызстанда көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгууга аракеттер болуп жаткандыгын, жаңы салык Кодексин түзүүдө ишкерлер да бараандуу салым кошуп атышкандыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG