Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

12:10 Өкмөт башчы Аяз Аталарды кабыл алды


Игорь Чудиновдун кабыл алуусунда “Кыргызстан- Санта Клаустун мекени” деген эл аралык фестивалдын катышуучулары болушту. Алардын арасында Санта Клаустардын Европалык Конгрессинин президенти Роберт Росланд, Швециянын “Свеко” компаниясынын вице-президенти Эрик Северин жана ошондой эле Орусиянын, Ирандын, Индиянын өкүлдөрү бар. Өкмөт башчы эл аралык фестивал Кыргызстанды туризм өлкөсү катары дүйнөгө таанытууга чоң түрткү берерин белгилеп, Санта Клаустун мекени Лапландияда эмес, Кыргызстандын тоолорунда деген илимий далили үчун “Свеко” компаниясына ыраазычылыгын билдирди. Ал эми аталган компаниянын өкүлү Э. Северин алардын илимий ачылышы иш жүзүнө ашырылып жаткандыгына кубанычын көрсөтүп, Санта Клаустун мекени чынында эле Кыргызстан экенине иш жүзүндө ынангандыгын айтты. Аягында Роберт Рослан кыргыз өкмөт башчысын европалык Санта Клаустардын фестивалына чакырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG