Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

14:30 Төкөлдөштөн жер алгандар жергиликтүү тургундардын айынан там салалбай жүрүшөт


Үч жылдан бери созулуп келаткан жерге байланышкан жаңжал тууралуу Төкөлдөш жаңы конушунан жер алып, бирок эмдигиче үй салалбай жүргөндөр бүгүн билдиришти. Алардын айтымында токсонунчу жылдардан бери кезекте турган элүү бир адамга 2-3 сотуктан жер берүү тууралуу 2005-жылы эле Бишкек шаардык мэриянын токтому чыккан. Бирок шаардын жана Октябрь районунун башкармалыгынын бул жаңжалдын чечилишине кызыкпагандыгынан улам маселенин чечилиши создугууда. Жер алып, бирок үйү жок жүргөндөрдүн билдиришинче бул иш боюнча бүгүнкү күнгө чейин беш соттук териштирүү болуп, териштирүүлөр алардын пайдасына чечилген. Азыр маселе Жогорку Сотко жетип, соттук жараян 27-февралга белгиленген. (EBM)

XS
SM
MD
LG