Эртең өтчү жыйынды Ж. Баласагын атындагы улуттук университеттин Башкаруу жана бизнес институту менен “Ednet” билим берүү мекемелер ассоциациясы биргелешип уюштурууда. Иш-чарага жогорку билим берүү тармагынын, ири ишканалардын, орто жана чакан ишкерликтин өкүлдөрү чакырылган жана анда университеттердин бүтүрүүчүлөрүнө болгон керектөөнү көбөйтүүдө биргелешип кызматташуу башкы маселе болмокчу. Жыйын соңунда ишкерлер бирикмеси менен окуу жайлардын кызматташуусу боюнча меморандумга кол коюлушу болжолдонууда. (EBM)