Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

16:30 Кыргыз-казак чегарасы делимитацияланып бүттү


Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун бүгүнкү маалыматына караганда делимитация 1930-жылдагы документ боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1961-жылкы жарлыгынын негизинде жүргүзүлдү. Ал эми бир нече жылдан бери Жогорку кеңештен ратификациядан өтпөй келе жаткан Каркыра жайлоосундагы 630 гектар аянт маселеси чечилбеген бойдон турат. С. Аламановдун айтуусунда Казакстан ал жердин ордуна Санташ айлына жакын жерден 1100 гектар жер берүүгө макул болуп, эки мамлекет башчыларынын ортосунда 2003-жылы келишим түзүлгөн. Ал келишимди казак парламенти ошол эле жылы ратификациялаган. Ал эми Кыргызстандын экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы парламенти бул келишим Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирет деген себеп менен ратификациялоодон баш тарткан. Кыргыз-казак чегарасынын жалпы узундугу 1241 чакырымды түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG