Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттен кабарлашты. Маалыматка караганда, ууланууга мектептин ашпозчусу тарабынан санитардык эрежелердин сакталбашы жана мөөнөтү өтүп кеткен, сапатсыз колбасаны тамакка колдонуу себеп болушу мүмкүн. 19-февралда Майлуусуу шаарындагы бешинчи мектептин 70тен ашуун окуучусу ууланууга кабылып, ооруканага түшкөн. Бул окуядан улам кечээ өкмөт башчы Жалалабат облусунун губеранторунун орун басары Камила Талиеваны кызматтан бошотту. Буга чейин аталган мектептин деректири менен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы да иштен алынган эле. (SM)