Орусиядагы кыргыз элчилиги «Риал» соода борборунун жетекчилери менен кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Аталган соода борбордо иштеген 40 чакты кыргыз жарандары 18-февралда иш боюнча түзүлгөн келишимдин бузулушуна байланыштуу нааразылык билдирип, жумушка чыкпай коюшкан эле. Бул окуядан соң кыргыз элчилигинин өкүлдөрү маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ал толук чечилген эмес. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы бүгүнкү жолугушуудан кийин белгилүү болоорун «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. (SM)