Абакта ачкачылык жарыялаган Белорусиянын оппозициячыл саясатчысы Александр Казулин оорудан көз жумган аялынын тажыясына катышууга бийликтегилер уруксат бербесе, суу ичүүнү да токтотоорун эскертти. Анын аялы Ирина Казулина рак оорусунан улам өткөн ишембиде каза тапкан, абактагы жубайы анын эртеси ачкачылык акциясын баштаган. Казулин 2006-жылы Александр Лукашенко президент болуп шайлангандан кийинки нааразылык акцияларын уюштурганы үчүн күнөөлөнүп, 5 жарым жылга түрмөгө кесилген.