Мамлекеттик санэпидемиологиялык депаратаменттен алынган маалымат боюнча лабораториялык иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары 19-февралда балдар алтын түстүү стафилококктун бактерияларынан ууланышкандыгын көрсөттү. Бул оору менен ашкананын ашпозчусу ооруганы белгилүү болгон, ошондой эле алтын түстүү стафилококктун бактериялары балдар жечү тамакка колдонулчу колбасадан да табылган. Ал эми 72 сааттык сактоо мөөнөткө чектелген колбаса мектептин ашканасында сегиз сутка турган. Учурда өлкөнүн бардык мектептеринде ашканалардын санитардык абалы жана ашкана кызматкерлеринин ден соолугу текшерүүдөн өтүүдө, деп кабарлайт мамлекеттик санэпидемиологиялык департаменти. (ZKo)