Мурда көп жылдык мөөнөт менен ижарага берилген жерлерди сатуу тууралуу токтомго Бишкек шаар мэри Данияр Үсөнов кол койду. Ошондой эле жерлерди сатуу боюнча шаардык комиссия түзүү тиешелүү жетекчилерге тапшырылды. Мындан тышкары Бишкек шаардык каржы башкармалыгына жер сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү ишин жүргүзүү бекитилди. Ага ылайык жер сатуудан түшкөн акчанын 65% Бишкек шаарын өнүктүрүү коруна, 20% ошол жер сатылган райондун администрациясына, 11% шаардык бюджетке, 2% Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына жана дагы 2% чыгаша коруна бөлүштүрүлүүгө тийиш. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей мурда жерди ижарага алып иштеткен жарандар 2008-жылдын аягына чейин аны сатып алууга укугу бар. Шаардык администрациянын жерди сатуу тууралуу демилгесин февраль айынын башында депутаттардын шаардык кеңеши да колдоп берген. Жердин баасы базар баасы боюнча сатылат, шаардын аркайсы аймактарындагы жерлер ар түрдүү баада болуусу мүмкүн. Эгер 2009-жылдын 1-январына чейин ижарада турган жерин сатып алууну каалоочулар болбосо, шаардык администрация жерди сынактык негизде сатат, деп кабарлайт шаардык мэриянын маалымат кызматы. (ZKo)