Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

13:00 Сарыжазга ГЭС курулса Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы болот


Мындай пикирин бүгүн КРнын гидроэнергетика, суу маселелери институтунун жетекчиси Дүйшөн Маматканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда узундугу 198 чакырымга созулган жана 11500 км2 суу бассейни бар Сарыжаз дарыясы ГЭС курууга өтө ыңгайлуу. Сарыжазга бир эле эмес 120 миң кВт кубаттуулуктагы ГЭСтен тартып, 500-600 миң кВТ кубаттуулуктагы үч-төрт электр станцияларын курууга болот, дейт окумуштуу. Анын сөзү боюнча ГЭСтерди куруу - Каракол-Эңилчек автожолун үч көпүрөсү менен кайрадан курууну, Кумтөр-Тарагай-Үчкошкон-Коюукап канжолун төрт көпүрөсү менен калыбына келтирүүнү, мындан тышкары 1,5 чакырымдык тоону тешип өткөн жолду курууну талап кылат. Жалпысынан Сарыжазга ГЭСтерди курууга Кыргызстандын экономикалык дарамети жетпестигин, ошондуктан, буга ылайыктуу долбоор түзүп, инвесторлорду тартуу зарылдыгын белгиледи Дүйшөн Маматканов. Анын айтуусунда Сарыжазга ГЭС куруу менен өлкөнүн энергетикага болгон талабын толугу менен канааттандырууга жана коңшулаш Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиясына энергетика экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк. (ZKo)

XS
SM
MD
LG