Президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Жаныш Бакиевдин баласы жоопко тартылабы?” деген макала үчүн гезитти сот жообуна тартууну өтүнүп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Басылманын кабарчысы Дилбар Алимованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча бүгүн редакцияга Биринчи Май райондук сотунан чакыруу келген. Буга байланыштуу алгачкы сот жараяны 4-мартта болот. (ZKo)