Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

17:48 Майлысуу шаарындагы электр шамдарын чыгаруучу заводдун жумушчулары иш таштады


Бүгүн заводдун жыйноо цехиндеги 1-2 нөөмөттүн миңге жакын жумушчусу иштеген жок. Алар өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларынын маяналарын 3-мартка чейин жарымын, 5-мартка чейин толугу менен төлөп берүүнү талап кылышууда. Талаптары аткарылбаса 5-марттан кийин да иштебейбиз деген билдирүүсүн профком аркылуу заводдун директоруна тапшырышты. Учурда профсоюз төрагасы менен деректирдин ортосунда сүйлөшүү жүрүп, жумушчулар анын жыйынтыгын күтүп олтурушат. Мындай маалымат заводдун цех башчысы Рустам Абдубалиевден алынды. Облбийликтин өнөр жай бөлүм башчысы иш таштоо тууралуу маалымат түшпөгөнүн, бирок завод эмгек акыларга ноябрь үчүн 5 миллион сом, декабрга 18,7 миллион сом карыздар экендигин билдирди. Ишкананын профсоюз комитетинин төрайымы Авазкан Арзыкулова иш таштоону тастыктап, декабрь жана январь айлыктары төлөнө электигин, директор акча жоктугун айткандыгын кошумчалады. (YA)

XS
SM
MD
LG