Жаңы дайындалган омбудсмен Турсунбек Акун укук коргоочу уюмдардын лидерлери менен кызматташуу жолдорун талкуулайт. “Тегерек стөл” форматындагы жолугушуу эртең омбудсмендин кеңсесинде өтмөкчү. Азырынча талкууга ким катышаары так белгисиз. Омбудсмендин пресс кызматы жолугушууга бардык каалоочулар катыша берсе болот деп билдирди. (JTo)