Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Азербайжан Косоводон бейпилидик күчтөрүн чыгарууга ниеттенүүдө


Косово көз карандысыздыгын жарыялагандан көп өтпөй Азербайжан чөлкөмдөгү бейпилдик күчтөрүн алып кетүү планын жарыялады. Азербайжандын президенти Илхом Алиев парламенттен Косоводогу аскерлерди чыгарып кетүү маселесин колдоп берүүнү суранды. Азербайжан парламентинин улуттук коопсуздук комитетинин мүчөсү Захид Оруж бул Косовонун талаштуу көз карандысыздыгына байланыштуу чечим деп эсептейт:

- Президент Илхам Алиев парламентке Косоводогу аскерлерди алып кетүү тууралуу чечим кабыл берүүнү суранган документин жолдоду. Бул кайрылууга Косоводогу саясий кырдаал негиз болууда, - деп билдирди Азербайжан парламентинин депутаты “Азаттыкка”.

Ушу тапта Косоводо Азербайжандын НАТОнун башкаруусу алдындагы 34 кишиден турган чакан бөлүгү бар.

XS
SM
MD
LG