Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

11:17 Журналисттерди коргоо комитетинин башчысы президентти А. Саиповдун өлүмүн иликтөөнү кайра жандантууга чакырды


Джоэль Саймон белгилүү журналисттин өлүмүн иликтөө алдыга жылбай жатканына тынчсыздануусун билдирип, Курманбек Бакиевге кайрылды. “Бул төбө чачты тик тургузган кылмыштан төрт ай өткөн соң, ИИМдин ар даражалуу кызматкерлери бул иш боюнча тергөө убактылуу токтотулганын билдирип, бирок мунун так себебин айтышкан жок. Саиповдун туугандары тергөө токтотулганы тууралуу өтө кеч билип калгандыктан, иликтөөнү кайра жандантуу суранычы менен убагында кайрылууга жетишпей калышты”, - деп айтылат билдирүүдө. Журналисттерди коргоо боюнча комитет президент өз авторитетин колдонуп, бул ишти иликтөөнү кайра жандантып, тергөө таза жана профессионалдуу өтүүсүнө түрткү болот деген ишеничте. Бул ишти ачуу менен Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында өзүн чыныгы демократиялуу мамлекет катары көрсөтө алаарына шек жок, - деп белгиленет билдирүүдө. Джоэль Саймон кайрылуусунун көчүрмөсүн Кыргызстандын күч органдарынын башчыларына, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын жетекчилерине жана ири журналисттик кошуундарга жолдоду. Бул тууралуу Voice of Freedom уюму кабарлады. 26 жаштагы журналист Алишер Саипов өткөн жылдын 24-октябрында Ош шаарында атып өлтүрүлгөн. «Siyosat» гезитинин баш редактору президент Каримов жүргүзгөн саясатты ачык сынга алып, Өзбекстанда болуп жаткан укук бузуулар тууралуу макалаларды жазып чыккан. (JTo)

XS
SM
MD
LG