Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

12:21 Кыргызстандын Россиядагы элчиси парламент спикерине кат жолдоду


Райымкул Аттокуров спикер Адахан Мадумаровго жолдогон катта Россиядагы элчилик кыргыз жарандарына кол салуу боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалганын ЖК пресс кызматы кабарлады. Райымкул Аттокуров кыргыздарга карата жасалган ар бир кылмышка элчилик өз убагында көңүл буруп, тиешелүү органдарга кайрылаарын билдирди. “Бул окуяларга байланыштуу элчилик Россия ТИМине катуу талаптарды камтыган нота жиберип, ИИМ, Башпрокуратура, Мамдума жана Федералдык кеңештин жетекчилерине жана адам укуктары боюнча ыйгарым өкүлү Владимир Лукинге кайрылуу жолдоду. Федералдык кеңештин спикери Сергей Миронов Кыргызстандын тынчсыздануусун бөлүшөөрүн айтып, кеңеш улутчулдук менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдарды жакшыртууга көңүл бурат деп жооп берди. Ал эми Мамдуманын коопсуздук боюнча комитети улутчулдуктун негизиндеги кылмыштар менен күрөшүү жакын арада талкуулары белгилүү болду. ИИМ жетекчиси жана Башпрокуратура кыргыздарга кол салуу фактылары боюнча иштерди өз көзөмөлүнө алды”, - деп айтылат элчинин катында. 22-февралда парламентте Москвадагы элчи Раимкул Аттокуровдун ишине нааразылык билдирилген. Социал-демократиялык партиядан шайланган депутат Жусупжан Жээнбеков элчи Раимкул Аттокуровдун буга чейин орус жараны болгонун айтса, төрага Адахан Мадумаров аны колдоп, элчи баш болуп жарандыгын улам-улам которуусу туура эместигин ачыктап, аны чакырып алуу сунушу менен президентке кайрылуу боюнча токтом долбоорун добушка койгон. Бирок бул токтом долбоору депутаттар арасында колдоо тапкан эмес. (JTo)

XS
SM
MD
LG