Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

13:07 Москвада эски үйдөгү газдын жарылуусунан жабырланган кыргыз кыз каза тапты


Склифосовский атындагы тез жардам клиникасында денесинин 90 пайызы күйгөн Нурзат Рахманова кечээ жан берди. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Учурда Москвадагы элчиликте каза тапкан кыздын атасы жана башка жакын туугандары бар. Алар сөөктү Кыргызстанга жекирүү үчүн документтерди толтуруп жатышат. 20-февралда Москвада Рыбников көчөсүндөгү эски үйдө газ жарылган. Начар абалдагы үйдө КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинен Кыргызстандан да келген эмгек мигранттар жашачу. Жарылуудан төрт кыргызстандык жаран абыр тарткан. Гүлмира Айткулова жана Гүлгаакы Атыеванын абалы дурус. Денесинин 65 пайызы күйгөн Ася Турдубаеванын абалы оор бойдон калууда. (JTo)

XS
SM
MD
LG