Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

14:15 Султан Урманаевге айыбы угузулду


Аксы окуясы боюнча Жалалабатта өтүп жаткан Бишкек шаардык гарнизондук аскер сотунда жалалабат аскер прокурору Акылбек Абдыраев Кылмыш Жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча мурдагы губернатор Султан Урманаевге айыбын угузду. Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов билдирди. Соттун жүрүшүндө Султан Урманаев Жалалабат облусун жетектеп турганда ишинин мыктылыгынан 2002-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевден мактоо грамотасын алганын, “Эркин тоо” гезити тарабынан жылдын мыкты губернаторуна татыктуу болгонун билдирип, ага коюлган күнөөнү моюнуна албастыгын белгиледи. Ал эми Аксы окуясына токтолгон Урманаев ошол кезде камакка алынган Азимбек Бекназаровду сабаптыр деген маалымат эл арасына тараганга чейин абал тынч эле болгонун, бул тууралуу ошол кездеги президенттин администрация башчысы Аманбек Карыпкуловго кабарлаганда ал ишенбей администрациядан өкүлдөрүн жибергенин айтты. Качан гана Бекназаровдун сабалышына нааразы болгон эл митингге чыгып, нааразылык акцияларын өткөрө баштаганда 12-мартта Аксыга барып эл менен жолугушайын дегенде, ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев жана анын орун басары Садырбек Думанаев,экс-президенттин администрация башчысы Аманбек Карыпкулов телефон чалып Урманаевди токтотуп коюшуптур. Кырдаал улам курчуп элдер ачкачылык жарыялап, балдарын мектепке жибербей коюшканда 15-мартта Кербенге барганында ал жерден да Аманбек Карыпкулов телефон чалып эл менен жолугушпайсың деп көрсөтмө бергенин айтты. Анын Карыпкулов менен сүйлөшкөнүнө күбө болгон райондун телекомдун начальниги менен облустук администрациянын басма сөз кызматынын ошол кездеги башчысы бүгүн сотто көрсөтмө беришти. Сот жараяны эртең улантыла турган болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG