Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:03

14:54 Ош облусунда тышкы миграция деңгээли үч эсе өстү


Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов облгубернатор жана акимдер менен жолугушуу маалында билдирди. Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда ички миграция өлчөмү 18 пайызга өстү. Калк облустардан негизинен Бишкек жана Чүй облустарына агылууда. Тышкы миграция агымы да кеңейүүдө. Ош облусунда тышкы миграция үч эсе, Нарын жана Баткен облустарында эки жарым эсе өскөн. “Чек аралаш аймактардан эл ич жакка көчүп жаткандыктан, коңшу өлкөлөрдүн тургундары тымызын ал жерлерде отурукташууда”, - деди Игорь Чудинов. Анын айтымында, бул проблемалар экономикалык гана эмес, саясий да мүнөздө. Андыктан 2008-жылы жер-жерлерде калкты туруктуу сактоо максатында өкмөт чара көрүшү зарыл деп белгиледи өкмөт башчы. (JTo)

XS
SM
MD
LG