28-февралдан 1-мартка чейин Ош шаарында өтүүчү “АгроЭкспо Жибек жолу” деген аталыштагы көргөзмөнүн негизги максаты айылчарба тармагында эл аралык секторлорду бириктирүү жана Фергана чөлкөмүндө (Кыргызстан, Өзбекстан,Тажикистан) рыноктук аймактык соода байланыштарын чыңдоо болуп эсептелет. Жылыга өтүүчү көргөзмө-жарманкеге 14 өлкөнүн 50 чукул компаниялары катышып, үч өлкөдөн эки миңден ашуун адам көргөзмөнү көрө алышат. Көргөзмө-жарманкени USAID каржылоосунда KAED/IFDC Кыргызстанда агробизнести өнүктүрүү жана камсыздоо долбоорунун колдоосунда “Жер азыгы” агробизнес Ассоциациясы өткөрүүдө. (AJ)
16:31 USAID Кыргызстандын түштүгүндө өтүүчү айылчарбасы боюнча эл аралык көргөзмөнү колдойт