Юстиция, каржы министрликтери жана миграция боюнча мамлекеттик комитети тарабынан бекитилген бул инструкция сыртта каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн кеткен чыгымдарды төлөп берүү боюнча өкмөттүн былтыркы 30-июндагы токтомун ишке ашыруу максатын көздөйт. Анда чыгым тарткан тарап жаран каза болгон күндөн тарта 3 айдын ичинде миграция боюнча мамлекеттик комитетке тиешелүү документтерди сунушташы керектиги белгиленген. Сунушталган документтерди атайын комиссия карап чыккан соң гана чыгымдарды төлөө же төлөбөө боюнча чечим чыгарат.(SM)
8:10 Чет жерде каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө кеткен чыгымдарды төлөө боюнча атайын инструкция бекитилди