Мисалы, энергетика тармагын ошонун ичинде “Түндүкэлектр” тармагын, ТЭЦти сатпаш керек деп кыйкырып жүргөн саясатчылар, бүгүн аларды сатыш керек дейт. Авторитардык система болбойт экен, бир үйбүлө башкарып калды бийликти бир адамга берген болбойт экен, бийликти узун-туурасына бөлүш керек дегендер бүгүн жок. Мына ушунун баары элдин ишенимин актабай, үмүтүн үздү, дейт Текебаев. Анын айтымында, бүгүнкү бийликтин эң алсыздыгы сөзү менен ишинин дал келбегендиги, эң негизгиси өзүнүн позициясынын жоктугу, мына ушунун бары бул бийликтин аныкталган саясатынын, идеологиясынын жоктугун көргөзүп турат. (AJ)
12:30 Ө.Текебаев: 24-мартта бирди сүйлөп, кылган иши ага карама-каршы келген адамдар бийликке келди