Бул маселе бүгүн Акыйкатчы институту жарандык коомдор менен өткөргөн тегерек үстөлдө көтөрүлдү. Ошондой эле өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы,сөз эркиндиктерине баййланыштуу маселе козголду. Жарандык уюмдардын өкүлдөрү Акыйкатчыдан декабрь айында өткөн парламенттик шайлоодо мыйзамдын одоно бузулушуна, БШКнын ишине, Бишкек шаар кеңешинин тынч митингдерди өткөрүүгө чек койгон токтомуна, адамдарды кыйноолордун токтотулушуна көңүл бурууну өтүнүштү. (AJ)