Бул тууралуу “Азаттыкка” 28-февралда Кыргызстандын акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Зуурабүбү Үмөталиева билдирди. Нарын шаарындагы “Алтын балалык” балдар бакчасына 11-февралда 74 кг. уй эти 12 миң 648 сомго алынган. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иликтөөсүндө бул эт ветеринардык кароодон өтпөстөн эле балдарга берилүүдө. Нарын шаарындагы “Абдырай ата” базарынын ветсанэксперти Нурийпа Садакунова жалган түрдө эт текшерилгендиги тууралуу справка бергендиги белгилүү болгон. Ал эми аталган балдар бакчасынын башчысы Нургүл Байбосова жана бакчанын эмчи айымы Ырысгүл Муханмедиева жогорудагыдай жагдайга макул эмес. Алар азык-түлүк тендер аркылуу алынгандыгын, эт ветеринардык кароодон өткөрүлгөндүгүн билдиришти. Учурда бул бала бакчада 110 бөбөк тарбияланып жатат. (KUs)