Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

18:19 Ошто “Агроэкспо Жибек жолу менен” аталыштагы көргөзмө башталды


28-февралда ЮСАИДдин көмөгү менен Ош кыргыз драма театрында Фергана өрөөнүндөгү мамлекеттердин айыл чарба боюнча эл аралык көргөзмө жарманкеси башталды. Ага Кыргыз, Тажик, Өзбек республикаларынын мамлекеттик ишмерлери жана бизнесмендери катышууда. Иш чаранын демилгечиси Кыргызстан агробизнесмендер бирикмесинин директору Азиза Юлдашеванын айтуусунда, бул жолу көргөзмө жарманке менен гана чектелбейт, айыл чарба жаатындагы дүйнөлүк ири ишкана өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда окуу семинар да өткөрүлүп, өз ара кызматташуу боюнча жеринде келишимдер түзүлөт. Иш чара 1-мартта аяктайт. Каракулжалык дыйкан Нурбек Исаев эл аралык донор уюмдары көргөзмө жарманкени уюштурууга чоң каражат короткондон көрө, ошончо акчага кичи ишканаларды курууга, техникаларды жаңылоого жардамдашса, дыйкан, фермерлерге кредит катары таратса натыйжалуу болмоктугун белгиледи. (АТо)

XS
SM
MD
LG