Күрд козголоңчуларына каршы түндүк Иракта операциясын улантып жаткан Түркия Ирак аймагынан өз аскерлерин качан чыгарарын так айтуудан баш тартууда. Түркиянын коргоо министри Вечди Гонуль түрк аскерлери өз милдеттерин аткарган соң гана артка кайтаарын билдирди. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен жолугушууда Гонуль бул операция күрд козголоңчуларын жок кылууну гана максат кылаарын баса айтты. Ал эми Роберт Гейтс Түркияны Ирактагы аскерий иш-аракеттерин тезирээк бүткөрүүгө үндөдү.