Эскерүү иш чарасы Бишкектеги орус элчилигинин жанында өтүп, Орусияда ажал тапкан кыргыз жарандарына багышталган куран окулат. Анда акыркы убакта Орусияда кыргыз жарандарын мыкаачылык менен өлтүрүүлөр көбөйүп жатканына тынчсыздануу билдирилип, бул боюнча орус өкмөтүнө кайрылуу кабыл алынат. Эскерүү иш чарасын жаштардын демилгелүү топтору уюштурууда. Быйылкы жыл башынан бери эле Орусияда тогуз кыргыз жараны мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгилүү.(SM)