Алар Россияда каза болгон мекендештерди эскерип куран окутуп, орус элчилигине кайрылуусун тапшырууну көздөөдө. Бирок милиция кызматкерлери чакырылган молдого куран түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат.Буга байланыштуу акциянын катышуучулары кайрылуусун элчиликке тапшырып, тарап кетүүнү көздөөдө. Акыркы эки айда Санкт-Петербург жана Москва шаарында орус улутчул такырбаштардын колунан 8 кыргыз атуулу өлгөн. (AiT)