Бул тууралуу "Азаттыкка" берген маалыматында аталган заводдун техникалык директору Жусуп Рахманов билдирди. Өткөн 2007-жыл ичинде Кызылкыя тамеки ферментациялоочу заводу 3200 тонна тазаланган тамекини өткөргөн. Учурда аталган заводдун туруктуу кардарлары болуп Германия, Орусия жана Украина өлкөлөрү эсептелүүдө. Кызылкыя тамеки ферментациялоочу заводун иштетип жаткан, Түркиянын "Sunel tobacco" компаниясы өткөн жылда заводго 16 млн. сомдук жабдуу орнотушкан. Жакынкы планда болсо заводдун карамагында күнүнө 10 миң даана сигарет чыгаруучу фабрикасын ачуу үчүн долбоор даярдалып, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатат. (SA)