Бул тууралуу АКШнын чалгындоо кызматынын башчысы Майкл Макконнел Сенаттын куралдуу күчтөр иши боюнча комитетинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ооган аймагынын көпчүлүк бөлүгү түрдүү уруулардын тайпаларынын көзөмөлү астында. Талибан кыймылы болсо өлкөнүн 11 пайыздай аймагына көзөмөл жүргүзөт.