Бүгүн Бишкекте «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму регионалдык өнөктөштөрүнүн катышуусу менен жыйын куруп, анда Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин, конвенциялардын аткарылышын талкуулады. Жыйында өкмөттүн ишинде, өзгөчө Кумтөр долбоорунда ачыктык жетишпей жатканы белгиленди. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму жыйын соңунда президентке, өкмөт башчысына кайрылуу кабыл алып, анда мамлекет ишинде ачыктыкты камсыздоо аркылуу адам укуктарынын, туруктуулуктун сакталышын камсыздоо талабы коюлду. (AiT)