Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Арменияда полиция баш калаа Ереванда өтүп жаткан мөөнөтсүз митингди кууп таратты


“Азаттык” үналгысынын армян кызматынын кабарчысынын маалымдашынча, 19-февралда өткөн президенттик шайлоодо оппозиция атынан талапкер болгон Левон-Тер-Петросян полиция тарабынан кармалып кетти. Маалыматтарга караганда ал өз үйүнө күч менен жеткирилди. Полиция менен митингдин катышуучуларынын ортосундагы кагылышуудан жаракат алгандар бар. 19-февралдагы президенттик шайлоодо өкмөт башчы Серж Саркисян утуп чыккан. Аны кызмат мөөнөтү бүткөн азыркы президент Роберт Кочарян да колдогон. Оппозиция шайлоонун расмий жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирип, мөөнөтсүз митинг уюштурган.

XS
SM
MD
LG