“Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берип жатып, жаш саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев, орус президенти Путиндин мураскор калтыруу чечими Кыргызстанга сөзсүз таасирин тийгизет деген пикирин айтты. “Мына жакында эле Казакстандан дагы үлгү алып, бизде дагы экинчи “Нур Отан” түзүлүп калды”, - деди жаш саясатчы. Ж. Сапарбаевдин пикиринде, мураскор калтыруудан мурун, президент күчтүү программа иштеп чыгышы зарыл. "Бакиевдин жасай турган иши - эркин, мыйзам бузбастан шайлоого барышы керек”, - деп кошумчалады Жоомарт Сапарбаев. (ZMa)