Бирок эркектер менен бирдей сандагы депутаттык мандат алуудан аялдар дагы алыс. Парламенттер аралык уюмдун баяндамасында айтылгандай, дүйнөдөгү мыйзам чыгаруучулардын 17,7 процентин аялзаттын өкүлдөрү түзөт. 2005-жылы бул көрсөткүч 16 процент болчу. Уюмдун катчысы билдиргендей, аялдар өтө чакан прогресс жасашууда, ушундай улана берсе, депутаттардын 50 процентин аялдар түзгөн доор 2050-жылы гана келмекчи.