НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер америкалык чалгын кызматынын Ооганстанга тиешелүү соңку докладына макул эместигин билдирди. АКШнын чалгынчылары ооган өкмөтү өлкөнүн 30 пайызын гана көзөмөлдөйт, 10 пайызы талиптердин контролунда, калган аймактарды болсо жергиликтүү топтор башкарат деп ырастаган эле. Схеффер Вашингтондогу сапары маалында бул ойго кошулбай турганын айтты.