Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:02

Ооганстанда бомбанын жарылуусунан үч адам мерт кетип, жетөө жараланды


Ооган полициясынын маалыматына ылайык, өлкөнүн чыгышында трактор менен кетип бараткан бир үй-бүлөө бомбага кабылып, үч киши мерт кетти, жетөө жараланды. Өлгөндөрдүн арасында бир аял жана бала бар. Алар бир кыштактан экинчи кыштакка баратышкан. Жардыруу жергиликтүү жана чет өлкөлүк аскерлер ары-бери жүргөн жолдо орун алган. Согушкерлер адатта аскерлерди бутага алганы менен, кол салуулардан көбүнчө карапайым оогандар курман болот.
XS
SM
MD
LG