Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Газа тилкесинде бери дегенде 26 палестиналык киши каза тапты


Газа тилкесиндеги бүгүн орун алган кагылышуулардан 30дан ашуун адамдын набыт кеткенинен улам Палестин лидерлери Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотобуз деп эскертти. Төрт күндүн ичинде жөөт армиясынын рейддеринен жана аба соккусунан Газада 50дөн ашуун палестиналык набыт кеткен. Палестина менен Израиль ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болгон Ахмед Корейи Израиль жүргүзгөн операцияны «геноцид» деп атады. Израиль соккусун палестин тараптан атылган ракеталарга жооп кайтаруу иретинде баштаган. Жөөт куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы маалымдаганына караганда, бүгүн Израилге 20 чакты ракета, анын ичинде өтө кубаттуу советтик үлгүдөгү Град ракеталары атылган.

XS
SM
MD
LG