Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Ереванда демонстранттар кайра чогула башташты


“Азаттыктын” армян кызматынын билдиргенине караганда, эртең менен күч менен таратылган демонстранттар Еревандын борборуна топтоло башташты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, кармалган оппозиционерлерди кое берүүгө үндөдү. Демонстранттар президенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп ырасташууда. 19-февраль күнкү добуш берүүнү өкмөт башчы Серж Саркисян жеңди деп расмий жарыяланган. Мурдагы мамлекет башчы Тер-Петросян экинчи орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG