Бул тууралуу “Азаттыка” кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, курултай өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык абал тууралуу элдин пикирин билүү максатында өткөрүлгөнү жатат. “Жаңы бийлик башкарып турганына мына 3 жыл болуп калды. Ушул аралыкта бийликтегилер эмнеге житишти, анын мындан аркы келечеги барбы деген маселелер талкууланат”, деди А. Жекшенкулов. Курултайды филармониянын же спорт сарайынын имаратында өткөрүү пландаштырылууда. Бирок, дейт А. Жекшенкулов, бийлик курултайдын өтүшүнө тоскоолдук кылып бул имараттарды бербей да коюшу мүкүн. “Андай болгон күндө да биз курултайды өткөрүүнү токтотпойбуз, аны көчөдө өткөрөбүз. Биздин демилгени коомдук парламентке кирбеген партиялар, региондордон келген карапайым элдер да колдоп жатышат”, дейт А. Жекшенкулов. Элдик курултайды өткөрүү чечими “Акыйкат үчүн” кыймылы 29-февралда өткөн кезектеги жыйынында кабыл алылган.(MSu)