Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, 42 жаштагы вице-премьер Дмитрий Медведев добуштардын 60 процентиндейин алышы ыктымал. Анын атаандаштары: Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюганов, улутчул саясатчы Владимир Жириновский жана демократиялык партиянын өкүлү Андрей Богданов. Кээ бир жергиликтүү оппозициялык саясатчылар шайлоо бурмаланат деп күн мурунтан эле сындап келишти. Бир топ Батыш байкоочулары өнөктүктү бойкоттошкон. Бул аралыкта “Голос” деген көз карандысыз мониторинг тобунун директору Лилия Шибанова мыйза бузуулар болуп жатканын кабарлады. Бир катар байкоочулар ошондой эле жумушчуларды күчкө салып добуш бердирип жатышат деп билдиришти.