Аксы окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Бишкек аскердик гарнизондук соту бүгүн Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевге карата өкүм чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу билдирген облустагы кабарчыбыз Рысбай Абдраимовдун маалыматы боюнча өткөн жума күнү тараптар жарыш сөзгө чыгып, мамлекеттик айыптоочу Жамила Туражанова мурдагы губернаторду үй-мүлкүн конфискациялоо менен он жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Ал эми Султан Урманаев өзү жана анын адвокаты айыптоо менен макул эместигин билдирип, адвокат Урманаевди актоосун соттон өтүнгөн. (ZKo)