Нааразылык иш-чарасы эртең мененки ондон кечки алтыга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта өтмөкчү. Бишкек шаардык мэриядан кабарлагандай акциянын аталган жерде уюштурулушу негизинен шаардык кеңештин каршылык иш-чаралардын өтүшүн чектеген токтомуна каршы келбейт жана андагы эрежелер боюнча чатыр, боз үй тигүүгө, от жагууга, тамак бышырууга болбойт жана митинг бүткөндөн кийин таштандыларды тазалап кетүүгө милдеттүү. (EBM)